Sizin Reklam Burada
Xəbər lenti
22-12-2025
21-12-2025
BÜTÜN XƏBƏRLƏR

q

Tarix: 19-12-2025 21:33     Baxış: 0 A- / A+
 ВОКЗАЛДАГЫ АЙРЫЛУУ (1)
 
...Узун айрылуулар
вокзалдан башталар...
Поезддердин, унаалардын 
желкеленинде
ташылар шаарларга...
Вокзалдан төрөлүп
ташылар айрылуулар...
Дубалдардын бетине чапталган
 таблолор — бешене жазуубуз же...
Жымыңдап жанган чырактар 
жолубузду жарыктандырар,
Булганган колдор өзү эле
 айрылууну далилдеп турар.
Ар бир мусапырдын көз карашы
 жазылып вокзал дубалдарына.
Кеткендердин тилинде
 вокзалдан эки ооз сөзү:
“Мен кеттим”.
 
 
ТУРАН ЫРЫ (2)
 
Эми бүгүн ибадаттар
бурулуп кыбылага,
Туран арзуусуна окулар
Теңир каанасында, саждадыр Түрк.
Туран сүйүүсү чек ара билбес,
Дүйнөнү жакасы колубуздадыр,
Улуу бир тарыхтын учурулбас 
сандарынын үстүндө турат Түрк:
Заман тездикте мекен — Аалам.
Эненин курсагында кан эс 
тутумду уктурар, кан
эстеги сезимдер,
Эс тутум бактары жаңыланар, 
сүйгөндөрдүн көңүлүндө...
Кубаныч сандарын бөлүшө 
алабыз Туран көңүлүнө.
Бардык айдын нурлары
Курд жүзүнө төгүлсүн.
Ичимде Түрк сүйүүсү бар,
бардык сүйүүлөрдөн башта.
 



ДЕБЕ (3)
 
Өтүм дүйнө ичимден,
Бош капас экен, дебе.
Кулакты жеп бүтүргөн,
Курук сөз экен, дебе.
 
Карадым андан көчкөн көчө,
Карадым өзүм кече-кече.
Карадым арак иче-иче,
Бул бир аваз экен, дебе.
 
Жана да көп нерседен бездим,
Казы, карта, майдан бездим.
Бирок, колумду сенден үзбөдүм,
Жашоо жаман экен, дебе.
 
ЖАРАТКАН ТҮРКТҮ САКТАСЫН (4)
 
Кечпеген эч бир азап жок,
бирок анда зулум жок.
Түрктөн бийик улут жок,
Жараткан Түрктү сактасын.
 
Сүйбөгөндөр жок болсун,
Дос бар, душман жок болсун.
Жараткан Түрккө бар болсун,
Жараткан Түрктү сактасын.
 
Чекпесмин азап-оору,
Эзилсин душман боору.
Жолум жакшыларга туура,
Жараткан түрктү сактасын.
 
Элүүдөн миңден да,
Сенден да, менден да.
Алтайдан, Чындан да,
Жараткан Түрктү сактасын.
 
Түрмөк-түрмөк Турандыр,
Бүтүн өлкө Турандыр.
Дүйнө Түрккө тургандыр,
Жараткан Түрктү сактасын.
 
Же карыдым, же турдум,
Сүйүүм көп сага, журтум.
Жашай берсин бүт боорум,
Жараткан Түрктү сактасын...
 
ДЕҢИЗ ДА ЫЙЛАЙТ БИР АЗ (5)
 
Сиздин арзууларыңыз 
көздөрүңүздө калбады,
көздөрүңүз бүдөмүк болду.
Сиздин өлүмүңүз башкача өлүм,
суу өлүмү, деңиз өлүмү!
 
Сиз үчүн балык ыйлады, жаш 
төкпөй ыйлады — баарынан башта.
Балыктардын көз жашынан 
деңиз бир аз көтөрүлдү,
Деңиз да ыйлады бир аз:
көзү канга боёлгон деңиздин,
кулактары канга чыланды деңиздин.
Жээкке коркуп чыккан эле 
толкундар, күнөөсүнөн уялып кетти.
Жашыл суу чөптөрдүн арасында
сүлүк курттары саясына 
жашырынды толкундар.
 
КӨПӨЛӨК СҮЙҮҮ (6)
 
Бир чымчым жансың, бирок канча сүйүүң,
мынчалык гүлчечекейлерди сен.
Канча каның кайнаар сенин гүлгө,
 гүлдөрдөй сенин каның жоктур,
кансыз да чындап сүйүү болобу?
 
Менин каным болсо да, сен сыяктуу 
сүйбөдүм — же гүлдү, же болбосо 
байчечекти, же бир адамдарды.
Сенин сүйүүң — дүйнөдөгү эң бийик сезим.
Гүлдөрдү ушунчалык сүйсө да,
өлүмгө ыйлабастыр көпөлөктөр.
 
Аз күнчөлүк өмүрүндө гүл базарынын, 
гүл сүйүүсүнүн эч бир өлүм болбос.
Эң оор өлүм да ыйлатпачы көпөлөктөрдү,
көпөлөктөр гүлдөрдүн
сүйүүсүнөн өздөрү өлүшөөр.
 
ӨЛҮМДӨН КОРКПОЙМУН! (7)
 
Менден безди үмүт арзууларым да,
тебеленип азабына бир канча арзум,
өмүргө кастык ойлоп үмүтсүздүктөн.
Үмүттөр ак байрагын көтөрдү,
кайгыларыма жеңилип бермекке.
Таттуу-таттуу тилектерим 
бүгүлдү көз жаштарына,
деңизде толкундар бүгүлгөн өңдүү.
Мен капыс өлүмдөн коркпоймун,
жашоодон коркомун...
 
 
КҮЗГҮ АДАМ (8)
Күзгү адам,
буга окшош желкеңде
ным плащь асылып калган.
Кыш маанайыңыз көрбөдүм,
төрт жылдарда көздөрүмдө
бир көрүнүштө калыпсың:
эркин түстө.
Күзгү адам:
бул көрүнүш желкеңде
эскирди сенин.
Жүрөгүң эзилип кеткен
арзууларың кудум тирүүдөй киши,
эсимде жүрөрсүң азырынча.
 
 
 
ЫР ЖАЗГАНДА (8)
 
Ыр жазганда эңсеймин,
кимдир мени көрүшүн,
сөздөрүн күбүрөп-күбүрөп 
кайталаган да кимдир угушун.
Мен дары менен курдаштарга
 толо эргүүдө жашаймын
ыр жазганда.
Баарынан жашынып, баарынан 
уялып, андан соң ыр туулат.
Ырдын көңүлдүүсү жана
кайгылуусу болот,
жашаганы да, өлгөнү да болот.
 

БИР КЕЧТИН КҮНДӨЛҮГҮ (9)
 
Кечээ сүкүт ичинде,
Оорууларым ойгоодур,
Убакыт саат ченемдер
Өлчөйт мезгил убакыт.
 
Айдын сүрдүү нуру,
Терезеден шыкаалайт,
Арзууларым уйкуда,
Пикирлери уйпалайт.
 
Эч алаксыта албайсың,
Жүрөгүмдүн табын.
Бул уулуу сигарет да,
Жоготту балдын татымына.
 
Обон добуш угулат,
Кулагына көчөнүн.
Бүт оюмду калтырды,
Ыктыярына кеченин.
 
Кече сүкүт ичинде,
Оорууларым ойгоодур.
Убакыт саат ченемдер
Өлчөйт мезгил убакыт...
 
ТЕҢИРИМ (10)
I
Каргыш да, бир тагдыр эле,
Эмне берсең да, кабыл Теңирим.
Шарт берген колуң бар болсун,
Менин сабырым бийик Теңирим.
II
Бир жер көрсөт, мен барамын,
Мен жашай албаймын Теңирим.
Эң ыйык дартым ушундай,
Өзүмдү карабайсыңбы Теңирим.
 
Жоого чыккан кошунду куткар,
Жүрөмүн мен да кошуламын.
Кычышат ичимде дартым,
Тырмай албаймын Теңирим.
 
Кабыл алдым эмне берсең да,
Мен чыдаймын, кийин жок болом.
Кечиргин эми бул дартымды,
Мен чыдай албаймын Теңирим.
 
ЭСИМДЕ ЖАНА ЖЕК КӨРҮҮ (11)
 
...Эсимдегилер
жаныбыздагы алма
дарагынын бутактары дан, 
алча дарактарынын
шактарында асылып калды.
Бирде атамдын мазарына
кысылып калды.
 
Бир күнү кайтып келемин,
эсимдегилерди 
жыймак үчүн — алма дарактарынын 
бутактарынан, алча
дарактарынын шактарынан.
Бир гана атамдын мазарына 
эстегенимди алып
келүүгө күчүм калбаган.
 
Билемин, атам эсимдегилерди
 жек көрүүгө айландырып,
топурак жүзүмө...
 
КИЙИНКИ ЖАР (12)
 
Көөдөндөн жай алган
миналар жүрөгүнүн
 кагышын бузат эле
Эне жердин.
Ар бир мина чыгарган
сайын, кудум 
жүрөгүнөн тикен суурулуп
жаткандай.
Көз жарага окшойт эле,
чыгарылган миналардын орду.
Эми энелик деминен жаңы ысып, 
Эне сезими: жыйырма
сегиз жашта эле, 
түшүм бербеген уруксуз, 
курсагында ок
кызарып батып кетти.
 
 
СИРИЯДАН КИЙИНКИ КАБАРЛАР (13)
 
Бул жылы Сирияда
ок көпатарлар өз
жандарын кыйды.
Ок үнүн уккан энелердин жүздөрү 
жылмайбады,
бөбөктүн оозундагы адам 
сүт тишин мээлөөгө алдырган 
“Башар” деп аталган
душмандарды,
 эмне деп атоого болот?
“А”, “Б” тамгалары атылды,
 наристенин тырмактарынын
арасында.
Дүкөндүн ойнотулган
чаң баскан бала, 
тоолуктар жыйналып алынды.
Дүйнөнүн заманбап
куралдары алынып 
келинген ок көпатарлар өз 
өмүрүнө кол салууну
улантышууда...
 
БАГЫНУУ (14)
 
(Жүрөгүм менен тил табыша албадым, мени операция столуна чейин алып барышты,)
 
Карай албаймын сени, жүрөгүм,
таш да эмес, темир да эмесиң го!
Ооруудан, азаптан чарчабасаң,
кандай чыдадың, бош эмесиң го!
 
Куштун үтүңдө мээнет чачып кеттим,
мезгилсиз ата дарты, топурак жоготуу.
Тизесин бүгүүгө ниет кылды, ниет,
атын окшоштуруп, дартынын дарманына.
 
Акырында кабарлашты жоготкондорум,
Акырында эмнелер болду, эмнелерди жашадым.
Колум силкип чачтым жылдарымды,
Олжомду алышты, жылдар жашадым.
 
Көзүм көрө көрө жутунду,
Канымды ичишти кансыз адамдар.
Мени миң ооруга байлап салышты,
бул сезимсиз адамдар, жансыз адамдар.
 
Жанымдын ооруусун көбүрөөк көбөйттү,
Үйрөнчүк табыттын жазган дарманы.
Жүз даана оорумду дагы көбөйттү,
Бир акмак табыттын берген дарманы.
 
Көзүмдө, көңүлүмдө түнөгөн оору,
армандан зээниме миң жолу урду.
Кенебестикте, табыптар башталган ооруу.
Куураган көкүрөгүмдөн бир уя көрдү.
 
Ооруу жетилгенде көгөрөт сезим,
Таттуу кайгы тейлейт жүрөктү.
Кээ бирде Тайсин берет мага,
жаралуу болбош керек акындын жүрөгү.
 
 
ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАНДАРТЫН ОЙ-ПИКИРИ (15)
I
Ар кастыктын ичинде
өз жанын кыюу ойлору бар,
жана кыялында өз жанын кыйуу оору бар.
Өлүмгө баш ийбегендердин жеңиши, 
өз жанын кыюу каалоосу бар.
Өз канына чанкагандардын 
акыркы амалы — өз жанын кыюу,
бардык тыюулардын ак 
добушу — өз жанын кыюу,
терең сезимдер, абанын жетпей 
бузулушу — өз жанын кыюу.
Ооба, дагы бир:
өлтүрүлгөн үмүттөрдүн, даңазасына 
көтөрүлгөн сезимдин жаманы — өз жанын кыюу,
ал бирок ал кан ичиши кыйын.
 
II
 
Ажалдан өз өмүрүн кыйгандарга
өлүм карызы калат:
өз жанын кыюу — бул өлүм эмес,
өзүн өзү өлтүрүү — бул өлүм эмес.
Жөн гана айрылуу,
ал бирок артка кайтпас...
 
 
 
 
 
 
БУЛ ДАРТ (16)
 
Бул дартты тартканда кемибес,
Онтогондо көрдүм, курууну.
Сыртта кечирип жатам мен,
Бирок ичимде дартым каарып барат.
 
Кайрылып жалынга кара дебедим,
Бул жөн гана бакыт дебедим,
Эмне кааласа жок дебедим,
Эмнеге болсо бердим картаяр.
 
Ишендим мен сенин күчүңө,
Ай жүрөгүм, менден таарынба.
Ооматтуумун, мага баары бир,
Өсүп барат, улам картаяр.
 
СҮЙҮҮ ИРМЕМДЕРИ (17)
 
Сен берген саатта убакыт келди,
саат көрсөткүчтөрү уктап
калды — он беш кырк беште.
Менин атым коюлган күндө бошоткон элең,
ирмем өмүр жашаган бул саатты.
 
Убакыттын эң оор, же желкесине,
эң оор жакыны алып кетти убакытты.
Унчукпай калды жоголгон
убакыттын өлчөмү,
колдорун койнуна катып турат.
 
(Убакыт көрсөткүчү чарчап токтоду)
Же мен он беш кырк беште туулганмын,
же сен туулганмын деди бизге.
А балким, бири-бирибизге
болгон сезимдер ал өлгөндүр,
же мен муну билгенмин,
же сен аны уккансың.
Жаңыдан ишке салып ошол саатты,
өз өмүрдү да жашай албас.
Ушундай сүйүүбүздүн,
атасы — он беш кырк беш.
Негедир...
Эмне өзү...
Сага болгон сүйүүмдүн акыркысы —
өлгөн сүйүүмдүн акыркы
эсимдеги бир минуттук сүкүт,
а бирок, тез-тез ойлоймун,
саат он беш кырк беште...
 
ОКШОШТУК (18)
 
Мага окшоштук жибердиң.
Ал окшоштуктун ичинде ар
нерсенин окшоштугу бар:
көз караштын өз окшоштугу бар,
жүрөктүн өз окшоштугу бар,
асмандын өз окшоштугу бар.
Мага окшоштук жибердиң.
Билесиңби келишин?
Өзүңсүздүктүн оорусун
сезген чекит келди.
Мага окшоштук жибердиң.
Өтө түрдүү окшоштук эле.
Боп-боз оорууларыма
түз басар “крем” булар.
Көгөрүп оорууларым,
кургабас, ным болуп калды.
Мында кылып, ар жолу
ал окшоштукка басканда
көздөрүм жашка толуп,
башкалар айран калып.
Мага окшоштук жибердиң.
 
МЕЙМАНКАНАДАН «РЕПОРТАЖ» (19)
 
...Алыстасың.
Же жолугушуу убадабыз
болсун арабызда,
же бир коштошуу болсочу.
Узун жолдорду эниге бычылат 
арзууларым ар күнү,
жана айрылуу түрүндө,
түш көрөмүн ар түнү.
Азыр мейманкананын оң 
экинчи бөлмөсүнүн бурч-бурчунда
өткөн күндөрдү  пайда кылат:
айрылуу сезимин.
Сенден кийин үмүттөрүмдүн 
элестерин сыздым
мейманкананын бөлмөлөрүнүн 
дубалдарына.
Элестер өлбөс, каргыш 
кайтарылбас аркага,
элестердин амандыгы үчүн.
 
МАГА ИШЕНБЕ! (20)
 
Эчтекеге ишенбе,
мен моюндап туруп жасаган
 күнөөлөрүмдөн соң,
бул Жаратканга
жалбарууга окшойт.
Эчтекеге ишенбе,
эгер түндө уйкуң келбесе,
 алаканыңды жай асманга,
баш ийип кыбылага,
менин күнөөлөрүм терең, бирок 
дүйнө талкаланып кетсин.
 
ЭҢСӨӨ (21)
 
Кечээ тойгуча ичтим,
Жалгыздыктын ден-соолугуна.
Чакырган болчу мени сүйгөнүм,
Көңүлдүн коноктугуна.
 
Ичим көңүлүм да бошоп,
Дартым да кайгымда эле.
Бардык сүйгөндөр баштаар,
Кечээ балким бирге эле.
 
Же жытың мурумда болсочу,
Же бир атыңды эстесемчи?
Көнүлдүү болмокчу арзуу,
Айланып жүрдү башымда.
 
Билбейт элем мен сени,
ушунчалык унутчаакмын.
Ал түн ошол түндө калды,
а бүгүн сага муктажмын.
 
ЭКИНЧИ ЭҢСӨӨ (22)
 
Дагы тойгуча ичтим,
жалгыздыктын ден-соолугуна.
Ичсем да, жесем да, ойлосом да,
ортодо изи калды.
Бөскөрөөк пиво бакалда бир аз,
өрүлгөн быштак “чипси”
 алаксытып ой узүмдөрү,
бирден бир арман кейиш.
Сергекмин эми, дагы унуттум сени…
Өзүмө келгенимде…
 
КҮЗГҮ КАТ (23)
 
Бул күздөн айтылуу,
Таттуу даам келет да.
Ден-соолугуң унутпа,
Өлсө баары келет да.
 
Айрым жылдар жоголду,
Ушул убакыт келген ээ.
Кечетен бери шектенүү,
Үмүттүндө калгансың.
 
Мен таберик дегенде,
Бул шаарды дегенмин.
Сенсиз сууну, абаны,
Бул уу сыяктуу дегенмин.
 
Суук деген элең,
Бул таберикте да.
Жылуу кийим жибердим,
Бир чакан арабада.
 
Заманды айтып турам,
Ал качан жерге жетер.
Дегеним, чыгып каршы ал,
Ал качан оюма түшөр.
 
Мен мүмкүнчүлүктү жоготтум,
Убакытты сатып аламын.
Кичинекей наристелигимде,
Аруу аба саламын.
 
Менден адамдык күтпө,
Адамдыктан кеткенмин.
Өзүмдү өлтүргөнмүн,
Көп күнөөгө батканмын.
 
Бул кыш, бул жерге келбе,
Балким бул сага эместир.
Же үнүм жетпей,
Же колум сага жетпестир.
 
Жакшы түнүм бузулду,
Барып бир аз алайын тынч.
Бул да толук болбос баары,
Жазганга колум барбас.
 
 
СИЗГЕ ЭЛЧИ КЕЛДИ, БИЗГЕ АЙРЫЛУУ (24)
 
Эшигиң такылдады бир таңда,
Сизге элчи келди, бизге айрылуу.
Дагы ниетин өзгөртпөдү,
Кичинекей жасалгада дагы айрылуу.
 
Дагы той мелүүнү башыңа сиңген,
Жол жүрдүк, күмөндөн жалганга чейин.
Үмүтүм али да өчпөгөн эле,
Азыктар добушун чалганга чейин.
 
Кандай акыбалымда таштап кеттиң,
Кар болдум айылда элдин ичинде.
Бүт боорум өрттөнүп кетээр,
Сени деп, шарап ичинде.
 
Келди эшигиңе келин машинасы,
Сени аалам кезээр эле, болсочу кезээр эле.
Кеткен жылдарыңдын каректеринде,
Менин сезимдерим көрүшүп сызаар эле.
 
Сен басар жол узак жол, ооба,
Кулагыма бир суроо жаңыргансып.
Сен келин болуп жөнөп жатканда,
Менин үмүтүм өчүп бараткансып.
 
Эстебедиң, менден узактадың,
Кулагыма бир суроо келет эле.
Көрдүм бул ааламда маңыроо болупмун,
Кол көтөрдүм аң маң болуп.
 
 
КАНТ МЕНЕН ШЕКЕРДЕ:
САГЫНУУНУН ТЕТИРИ ТЕҢДИГИ (25)
 
Глюкоза менен шекерде,
 сенсиз сагынычка эмне бар? 
Бул жерде болгону азап эле.
Атыр гүл бар, тоо боорунда, 
адам өлөө  зеригүү эле.
Бул жерде чөптөр,
жалбырактар, аарылар, 
көпөлөктөр, сулуулук
аземдер – баары биригип 
адамга сагынар зериккенде.
Шаар көчөлөрүндө
эмне бар зеригүүгө? 
Бир аз бир пулдүк урматы жок,
көчө иттери, жалгыз адамды 
сагынат шаарда.
Бирде аруулукту, кымбаттуу
бош шире кутулары,
ток, бирде төрт мезгил
бирдей кийимде:
 кышта арча багы.
Бул жерде кимди сагынмак? 
Тирүү эле бариктер,
аарылар, көпөлөктөр, 
дагы бир азем сыяктуу сагындым…

Xəbəri paylaş







Adınız:*
E-Mail:
Şərhiniz:
  • winksmile
    laughing
    angry
Kodu yazın: *
yenilə, əgər kod görünmürsə



Çox oxunanlar




Son yüklənənlər


Axtarış

Reklam

İqtisadiyyat
Media
Ədəbiyyat
İdman
Kriminal
Şou-biznes
Elan
Yazarlar
Təqvim

«    Dekabr 2025    »
BeÇaÇCaCŞB
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 
Sorğu


Portalımızı dəyərləndirin.



Çox oxunanlar